Саясат
БШК Рамис Жунусалиевдин талапкерлигин жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы №19 Сокулук округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рамис Жунусалиевдин талапкерлигин жокко чыгарды. БШКдан билдиргендей, ал талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча бүгүн арыз жазган.
41 жаштагы Жунусалиев учурда тергөө абагында. Ал былтыр декабрь айында УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган. 2023-жылдын октябрь айынан бери Көк бөрү федерациясынын президенти болуп келген эле.
Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев 8-апрелде өз каалоосу менен мандатын тапшырып берди. Бош калган мандат 4 767 добуш менен үчүнчү катарда турган Рамис Жунусалиевге берилиши керек эле. Эми 4 746 добуш менен кийинки сапта турган Улан Сариев депутат болуп келиши мүмкүн.



