Окуялар

Бишкекте жашы жете элек өспүрүм кыз изделүүдө

7-апрелде борбор калаанын Ленин районунун ИИБ жаран С.С. жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, арыз ээсинин кичүү карындашы — 2010-жылы туулган Касиет Субанова, Бишкек шаарынын «Ак-Ордо-3» конушунда жашайт. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 7:30да №82 мектепке кетип, азыркы убакка чейин кайтып келген эмес. Учурда анын жүргөн жери белгисиз.

Белгилери:

  • бою 165–170 см;
  • дене түзүлүшү арык;
  • чачы кара;
  • көзү күрөң

өзгөчө белгилери:

  • брекет тагынат,
  • бетинде кал бар, сүйлөгөндө мурунчалайт.

Кийими:

  • ак футболка;
  • кара күзгү куртка;
  • кара жинсы шым;
  • кара кроссовка.

Ленин районунун ИИБ Касиет Субанованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү номерлерге кабар берүүгө чакырат:
0312 35 29 47, 0703 69 90 55, 0778 87 85 55.

Тектеш кабарлар

Back to top button