Саясат
Минкаб төрагасынын орун басарынын милдетин Улан Маматканов аткарат

Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Аны кызматка бекитүү үчүн талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет. Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кеткен эле.
Маматканов 44 жашта, буга чейин өкмөттүн аппаратында иштеп келген.



