Коом
Жакынкы үч саатта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болушу күтүлөт

Жакынкы үч саатта жана кечке жуук Бишкек шаарында жана Чүй облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тургундардан этияттык чараларын көрүп, мүмкүн болсо туруксуз курулуштардан, бак-дарактардан, көрнөк-жарнактардан алыс болууну өтүнөт.



