Окуялар

Каналга түшүп кеткен дагы бир «тазалыкчынын» сөөгү табылды

ЖЭБдин техникалык каналына түшүп кеткен дагы бир «тазалыкчынын» сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ал 62 жаштагы киши болгон. Куткаруучулар учурда үчүнчү кишини издеп жатышат.

Министрлик издөө күчөтүлүп, бүгүн ага 150 адам чыкканын билдирген.

Эске салсак, кырсык 30-декабрь күнү болгон. Бишкектин Свердлов районундагы ЖЭБдин техникалык каналына «Тазалык» мекемесинин үч кызматкери түшүп кетип, кечээ биринин сөөгү табылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button