Коом
Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар

23-24-апрелде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Министрлик дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экенин кошумчалады.
Коопсуздук үчүн жолдо бара жаткан автоунааларга 500 метр аралыкты сактап жүрүү сунушталат.



