Коом
Кыргызстанга Түндүк Кипр Түрк республикасынын президенти келди

Эрсин Татарды «Манас» аэропортунан минкаб төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Эрсин Татар 6-ноябрда өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммитине катышмакчы.
Жыйынга уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн лидерлери жана байкоочу мамлекеттердин башчылары катышат.



