Президент: Тергөө Шаирбек Ташиевдин коррупциялык схемага тиешеси бар экенин аныктаган

Мындай пикирин өлкө башчысы «Кактуска» берген маегинде билдирди. Президент сиздин Камчыбек Ташиев менен достугуңуз Шаирбек Ташиевдин бошотулушуна же жоопкерчиликтен кутулушуна таасир этпейби деген суроого жооп берген.
— Жок, андай болбойт. Мен бийликке келгенден бери бир нече жолу айткам: мен үчүн «дос», «тууган», «жакын адам» деген түшүнүк жок — ар дайым мамлекет менен элдин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Эгер мыйзам бузулса, эч ким жоопкерчиликтен качып кутула албайт. Тергөө Шаирбек Ташиевдин «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схемага тиешеси бар экенин аныктаган. Натыйжада мамлекетке 4 млрд 115 млн сом зыян келтирилген. Бул сумма толугу менен бюджетке кайтарылгандан кийин гана аны бошотуу маселеси каралышы мүмкүн.
Маалыматтарга караганда, мурда кармалгандардын баары ага каршы көрсөтмө беришкен жана ал өзү да күнөөсүн моюнга алган. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Буга чейин УКМК жана ИИМ тарабынан кармалгандардын бардыгы келтирилген зыянды — керек болсо ашыгы менен — төлөп беришкен. Андан кийин гана бошотулушкан. Шаирбек Ташиев да ушундай жол менен иш кылышы керек: алгач зыянды толук кайтарып, андан кийин гана бошотулушу мүмкүн.



