ЖК комитети Кыргызстан менен Того ортосундагы инвестициялык келишимди колдоду

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Того өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды.
Улуттук инвестициялар агенттигинин директорунун орун басары Мээримбек Койчуманов билдиргендей, бул документ Африка өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө укуктук негиз түзүп, кыргыз компанияларына жаңы рынокторго чыгууга жана эл аралык долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Анын айтымында, Кыргызстанда Африка мамлекеттери менен инвестициялык келишимдер азырынча аз, ал эми Того менен буга чейин мындай келишим түзүлгөн эмес.
Мээримбек Койчуманов белгилегендей, макулдашуу рамкалык мүнөзгө ээ болуп, инвесторлорду коргоо үчүн стабилдештирүү режимин киргизүүнү карайт. Бул биргелешкен долбоорлор ишке ашырылган учурда бизнеске кепилдик берүүнү камсыз кылат.
Ал ошондой эле Того кофе, какао жана пахта экспорттоодо ири өлкөлөрдүн бири экенин кошумчалады. Кыргызстан Того менен соода жана реэкспорт тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат, анткени бул өлкө деңиз портторуна чыгууга ээ жана Африканын башка өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткирүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Эске салсак, 28–30-апрелде Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Гнассингбе Кыргызстанга жумушчу сапар менен келет.



