Пайдалуу кеңештер

Электрондук тамекилер салттуу тамекиге караганда ден соолукка көбүрөөк зыян келтирет

Дарыгер-онколог Уильям Линин айтымында, электрондук тамекилер салттуу тамекиге караганда ден соолукка көбүрөөк зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазды.

Дарыгер белгилегендей, көпчүлүк адамдар вейпти коопсузураак альтернатива деп эсептешет, бирок илимий маалыматтар тескерисин көрсөтүүдө. Онкологдун айтымында, лабораториялык жана клиникалык байкоолор вейп суюктуктарындагы заттар клеткаларды жабыркатууга жана рак оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатууга жөндөмдүү экенин көрсөткөн.

«Вейпинг, албетте, ракка алып келүүчү фактор болуп саналат, жана мындай продукциялардагы химиялык заттар салттуу тамекиге караганда ДНКны көбүрөөк бузушу мүмкүн деген негиздер бар», — деп баса белгиледи дарыгер.

Ал кошумчалагандай, тамеки тартуунун бардык түрү ден соолукка зыяндуу адат болуп эсептелет.

Тектеш кабарлар

Back to top button