УКМК: Нарын районунун Учкун айылдык муниципалитетинин адисинен ок атуучу курал жарактар табылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Нарын районунун Учкун айылдык муниципалитетинин адиси «А.А.А.»ны ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алуу жана сактоо боюнча камакка алды.
«А.А.А.»нын үйүн тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин, телескопиялык көздөөчүсү бар «Вепр» мылтык ок атуучу куралы жана 7,62×39 мм өлчөмүндөгү 16 ок алынды.
«А.А.А.» мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык) жана 205 (Уурдоо) беренелери боюнча бир нече жолу кылмыш жасагандыгы жана 2018-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталды.


Тергөө иштеринин жыйынтыгында кармалган адам Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.



