Дарыгер күн сайын сүт ичүүнүн пайдасын айтып берди

Дарыгер Рупа Пармер сүт азыктарынан массалык түрдө баш тартуу жаштар арасында ичеги рагынын көбөйүшүнүн себептеринин бири болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал күн сайын сүт ичүүнүн маанилүү себебин Daily Mail басылмасына берген маегинде түшүндүргөн.
Пармер сүт ичүү менен рак ооруларынын ортосундагы байланыш азырынча толук далилдене электигин, бирок айрым илимий байкоолор муну тастыктап жатканын белгиледи. Мисалы, анын айтымында, өткөн жылы Оксфорд университетинин изилдөөчүлөрү күнүнө бир стакан сүт ичүү ичеги рагынын коркунучун 17 пайызга азайтарын аныкташкан.
Дарыгер бул теория кальцийдин коргоочу касиеттерине негизделгенин түшүндүрдү. Калың ичегиде кальций өт кислоталары жана эркин май кислоталары менен байланышып, алардын рак пайда кылуучу (канцерогендик) таасирин азайтат.
Пармер акыркы жылдары кадимки сүттөн баш тартып, өсүмдүк негизиндеги альтернативага өтүү кеңири жайылганын кошумчалады. Анын пикиринде, бул көрүнүш ичеги ден соолугунун алсызданышына алып келген себептердин бири болушу мүмкүн.



