Пайдалуу кеңештер
Бабл-ти ден соолук үчүн кооптуу деп табылды

Бабл-ти ден соолук үчүн кооптуу деп табылды — ага кошулган тапиока шариктери айрым учурларда ичегинин бүтөлүшүнө жана муунууга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер Екатерина Титова билдирди.
Анын айтымында, тапиоканы сүйлөп жатып же шашып жегенде, чоң жана жабышкак шариктер кызыл өңгөчкө эмес, дем алуу жолдоруна кирип кетиши мүмкүн. Натыйжада муунуу (асфиксия) пайда болот.
Ошондой эле адис эскерткендей, мындай шариктерди көп жеп, жетиштүү суу ичпесе, алар биригип чоң түйүнгө айланып, ичегинин бүтөлүшүн жаратышы ыктымал. Эксперт тапиоканы 5 жашка чейинки балдарга бербөөнү сунуштайт.



