Окуялар

Ошто беш жаран бараткан унаа жолдон чыгып, даракты сүздү

Ош облусунда жол кырсыкка кабылган беш жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-декабрда Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 19-чакырымында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, каналдын жээгиндеги даракка урулган. Ичинде 3 аял, 2 жаш бала болгон.

Жерине Кара-Кулжа райондук ӨКБнын автоунаасы менен 5 куткаруучу тартылып, аталаган 5 жаранга жардам көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button