Коом
Кыргызстан аскердик техника алат

Кыргызстанга С-300 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекси келет.
Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Руслан Мукамбетов билдирди.
Аталган техника жакынкы айларда жеткирилери күтүлүүдө. Андан башка да зениттик-ракеталык комплекстерди алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.



