Саясат

Президент ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» билдирди.

Жолугушууга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкө катары Өзбекстандын премьер-министри жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЕАЭБди тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча катары карай турганын белгиледи. Ошондой эле өлкө мындан ары да биримдиктин ишине активдүү катышууга даяр экенин билдирди.

Жапаров 2027-жылы Кыргызстан уюмга төрагалык кылган учурда Евразия экономикалык форуму өлкөдө өтөрүн эске салды. Ал форумга өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды кеңири тартууну сунуштады.

Президент өнөр жай жана агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду күчөтүүнүн, ошондой эле ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөр үчүн колдоо жана каржылоо механизмдерине тең мүмкүнчүлүк түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button