Коом
5-майга карата аба ырайы

Шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө +21…+26,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28,
Таласта +19…+24,
Ысык-Көлдө +17…+22,
Нарын регионунда +14…+19 градус жылыйт.
Бишкекте +23…+25 градуска жетет.



