Саясат

Депутат Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин жеке арызынын негизинде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Маалыматка ылайык, буга чейин эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча жеке арызы БШКга келип түшкөн.

Анын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылды.

Белгилей кетсек, Айтиев № 20 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button