Милиция коомдук транспортто адепсиздик кылган абышканы кармады

Милиция борбор калаада коомдук транспортто адепсиздик кылып, салондо кетип бара жатканда кызга жабышып алган 69 жаштагы кишини кармады.
Аны Республикалык психиатрия борборуна дарыланууга жөнөтүшкөн.
Социалдык тармактарга тараган видеодон улгайган эле кишинин туруп бара жаткан кызга атайылап жакындаганын көрүүгө болот. Анткен менен ошол учурда жабышып тургандай эмес эле, тагыраагы, автобустун ичи дээрлик бош болгон.
Бул факт боюнча Биринчи май райондук милициясы «Майда бейбаштык» беренеси менен протокол түзгөн.
Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык ыдыкка дуушар болгон. Эмгек министрлиги Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап, ага ылайык, ыдык көрсөткөндөр кызматкерге келтирилген моралдык зыянды жана материалдык чыгымды төлөп бериши керек. Бирок маселе – көпчүлүк адамдар өз укуктары бузулуп жатканын ачык айтуудан коркуп, унчукпай чыдап келишет. Харассмент жумуш ордунда да, коомдук транспортто да кездешип, адамдардын коопсуздугуна, психологиялык абалына олуттуу таасир этет.



