Коом

Түндүк – Түштүк унаа жолуна таш түшүп, жол убактылуу жабылды

Бүгүн, 13-майда саат 15:30 чамасында Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында таш түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана инженердик техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери башталды.

Министрлик айдоочуларды сак болууга жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button