Дүйнө

Tаиланд туристтер үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартууну пландоодо

Tаиланд бийлиги чет элдик туристтер үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сихасак Пхуангкеткеоу билдирди.

Анын айтымында, 60 күн өтө узак мөөнөт болуп калышы мүмкүн жана айрым адамдар визасыз режимди туристтик эмес, мыйзамсыз максаттарда пайдаланып жатышат.

«Биз 60 күн, балким, өтө эле узак деп эсептейбиз. Чыныгы турист болбогон айрым адамдар визасыз режимди мыйзамсыз максаттарда колдонуп жатышат. Биз көзөмөлдү күчөтүүнү каалайбыз», — деди министр.

Сихасак Пхуангкеткеоунун айтымында, визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартуу сунушу мурдагы өкмөттүн тушунда эле даярдалган, бирок шайлоого байланыштуу каралбай калган. Эми бул маселе тиешелүү мекемелер менен талкууланат.

Мындан тышкары, министр визалардын айрым түрлөрүн кайра карап чыгуу керек болушу мүмкүн экенин айтты. Себеби визанын категориялары өтө көп жана алардын айрымдарын бириктирүүгө болот.

Анутин Чарнвиракул эрежелерди кайра карап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, мындай чаралар жергиликтүү бизнестин кайрылууларынан кийин көрүлүүдө. Алар мыйзамсыз мигранттардын ишмердүүлүгү киреше булактарына коркунуч жаратып жатканын билдиришкен.

Учурда Tаиландда туризм экономикадагы маанилүү тармактардын бири бойдон калууда. Өкмөт иммиграциялык көзөмөлдү күчөтүү менен өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирбеген чечим табууга аракет кылууда.

60 күндүк визасыз режим 2024-жылдын июль айынан бери туристтик максатта келген 93 өлкөнүн жана аймактын жарандары үчүн иштеп келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button