Коом

Социалдык тармактарда башка адамдын паспортун жарыялагандарга айып салынат

Социалдык тармактарда башка адамдын паспортун жарыялоо үчүн 7 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров Жогорку Кеңеште билдирди.

Ал паспорттогу маалыматтарды ээсинин уруксаты жок жарыялоо мыйзам бузуу экенин эскертти.

«Эгер жаран өзүнүн паспорттук маалыматтарын өзү жарыяласа, анда ал маалымат ачык болуп эсептелип, мыйзам бузулбайт», — деп тактады Мамыров.

Депутат Элвира Сурабалдиева башка адамдын паспорттук маалыматтарын анын ээсин табуу максатында жарыялоо мыйзам бузуу болуп эсептелеби деп суроо салган.

«Ооба, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай кылбаш керек, буга да айып пул каралган», — деп жооп берди мамлекеттик агенттиктин башчысы.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button