Окуялар
Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелгендер Таиланддан кармалды

Бишкекте киши өлтүрүп, сөөгүн токойго таштап кетүүгө шектелгендердин дагы экөө Таиланддан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, шектүүлөр мурда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн.
«Өзгөчө оор кылмыш жасаган деп шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн 26 жаштагы Р.А. жана Н.А. аттуу кыргызстандык жарандар кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, апрель айында Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы токойдон 63 жаштагы чет элдик кишинин сөөгү табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча иш козголгон.
Милиция буга байланыштуу төрт шектүүнү, анын ичинде маркум менен чогуу жашаган аялды да кармаган. Ошол эле учурда дагы эки шектүү Таиландга качып кетүүгө үлгүргөн дешти.



