Окуялар

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү 18-май күнү саат 20:25те катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Бабаш-Ата тоо кыркасында жайгашып, Арстанбап айылынан батышты көздөй 14 чакырым, Сары-Бээ айылынан түндүк-чыгышты көздөй 20 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-батышты көздөй 48 чакырым аралыкта болгон.

Жер алдындагы силкинүүнүн күчү Арстанбап, Жай-Терек, Үч-Булак жана Сары-Бээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button