Коом

Баштапкы баасы 4 миң сомдон. Бишкек мэриясы иштебей турган 100дөн ашык унааларды аукционго чыгарат

Бишкек мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялады.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, аукционго 106 лот коюлат. Ачык соода 24-сентябрда саат 10:00дө өтөт.

Тизмеде советтик жеңил унаалардан тартып оор атайын техникаларга чейин бар. Алардын арасында ар кандай үлгүдөгү жеңил унаалар, жүк ташуучу унаалар жана фургондор, автобустар жана кичи автобустар, экскаваторлор жана бульдозерлер бар.

Тизмеде көрсөтүлгөндөй, бардык лоттор иштебейт. Баштапкы баасы 4 миң сомдон 243 миң сомго чейин.

Аукционго катышуу үчүн Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына арыз берүү керек. Арыздар 18-сентябрга чейин Чүй проспектиси, 168 дарегинде кабыл алынат.

Аукционго катышуу үчүн талапкер тандалган лоттун номерин көрсөтүп, жазуу жүзүндөгү арызын, өздүгүн тастыктаган документин жана кепилдик төлөмү төлөнгөнүн ырастаган документти тапшырышы зарыл.

Кепилдик төлөмдүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button