Окуялар
Актёр Аскат Сулайманов мыйзамсыз жарнама жасап айыпка жыгылды

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте унаасынын кузовуна мыйзамсыз жарнама орноткон айдоочуга айып пул салынды.
Инспекторлор Аскат Сулаймановго таандык Mercedes унаасын токтотушкан. Унаага тасманын жарнамасы жайгаштырылган. Ага унаага жарнама орнотуу үчүн атайын уруксат керектиги түшүндүрүлгөн.
Актёрго мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, 5 миң 500 сом айып пул салынды.Сулайманов протоколго кол коюп, ага автограф да калтырган.



