ДССУ Эбола безгегинин жаңы очогу катталган эскертет

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) жана Дүйнөлүк Банктын кызматташуусу болгон Глобалдык Даярдык Мониторинг Кеңеши (GPMB) таралышы боюнча коронавирус жана Эбола эпидемиясынан ашып түшө турган жаңы глобалдык пандемия коркунучу өсүп жатканын эскертти.
Эксперттер акыркы жылдары жугуштуу оорулардын жайылышы улам көбөйүп, саламаттык сактоо тармагына, экономикага жана социалдык туруктуулукка олуттуу таасир тийгизип жатканын белгилешет. Докладда COVID-19 пандемиясынан жана Эбола вирусунун жайылышынан кийин дүйнө мурдагыдан коопсуз болуп калбаганы айтылат.
Негизги коркунуч факторлору катары эл аралык мобилдүүлүктүн жогорулашы, экологиялык өзгөрүүлөр жана калктын мамлекеттик институттарга болгон ишениминин азайышы көрсөтүлгөн.
Май айынын ортосунда Демократиялык Конго Республикасында Эбола безгегинин жаңы очогу катталган. Би-би-синин маалыматына ылайык, 19-майга карата инфекциядан 131 адам каза болуп, дагы 513 адамдан оорунун белгилери аныкталган. Ошондой эле Угандада оорунун үч учуру, анын ичинде бир өлүм фактысы тастыкталган.



