Коом

Кыргызстанда макро жер семирткич өндүрүүчү завод куруу пландалууда

Кыргызстанда макро жер семирткич өндүрө турган завод куруу боюнча долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, мындай жер семирткичтер табигый газдын негизинде өндүрүлөт. Бул ресурс Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан жана Россияда кеңири колдонулат. Ошондуктан бул мамлекеттерде аммиак селитрасы, карбамид сыяктуу минералдык жер семирткичтердин өндүрүшү өнүккөн.

Министрдин маалыматына караганда, Кыргызстанда табигый газ жетишсиз болгондуктан, мындай өндүрүш азырынча жок. Учурда өлкөдө органикалык жер семирткичтер — гумус жана биогумус өндүрүлөт, бирок алар макро жер семирткичтердин ордун толук баса албайт.

«Учурдагы өндүрүш менен биз импорттоп жаткан продукцияны толук алмаштыра албайбыз», — деди Акунбеков.

Тектеш кабарлар

Back to top button