Коом

Жамгыр жаайт. 10-июлга карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан катуу жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда 21…26, Талас өрөөнүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 18…23, Нарын чөлкөмүндө 19…24 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте 23…25, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button