Коом
«Ала-Арчадагы» Пионер чокусу эми ШКУ чокусу деп аталат

Кыргызстанда 4 миң 50 метр бийиктиктеги чоку Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) урматына аталды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов журналисттерге билдирди.
«Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркындагы Пионер чокусу эми ШКУ чокусу деп аталат.
Мурдагы аталышы жазылган тактайча алынып, ордуна жаңы аталыштагы тактайча орнотулду.
Эдуард Кубатов бул окуяны ШКУнун 25 жылдыгына байланыштуу тарыхый окуя деп атап, уюмдун аймактагы тынчтыкка, коопсуздукка жана коңшу өлкөлөр ортосундагы маселелерди чечүүгө чоң салым кошконун белгиледи.



