Бишкектеги №47- түзөтүү мекемеси жана анын тургундарынын тагдыры кандай болот?

Бишкектеги №47- түзөтүү мекемеси жана анын тургундарынын тагдыры кандай болот?
Жакынкы арада Кыргызстандын баш калаасынын батыш тарабында жайгашкан эң эски жаза аткаруу мекемелеринин бири жоюлат. Ал эми анда жайгашкан корпус Новопокровкадагы № 3- мекеменин аймагында, ошондой эле Чүй областындагы Молдовановка айылындагы №27- жана №31- атайын мекемелерде жаңы жашоо табып, улантат. Колония-47, СИЗО-1 менен бирге учурда шаардын ичиндеги жападан жалгыз жабык типтеги мекемелер.
Балким мурда алар шаардын чети деп салынып алыскы объектилер деп эсептелсе, азыр Бишкектин барган сайын кеңейип жаткан инфраструктурасын эске алганда, алар турак жайлардын жыш шакекчесинде болуп калышты.
Мындан тышкары, алар өздөрүнүн пайдалануу мөөнөтүн эбак эле аткарган жана заманбап талапка жооп бербейт. Ал эми бул, эксперттер туура белгилегендей, коомдук коопсуздукка белгилүү бир коркунуч туудурат жана ал тургай кылмыштуулуктун өсүшүнө да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мына ушундан улам 2019-жылы эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри тарабынан долбоордук-сметалык документтерди бекитүү жана мамлекеттик бюджет акча бөлүү жөнүндө протоколдук чечимдер (14-майдагы №23-19 жана 29-августтагы №23-41 кабыл алынган.
Максаты 31-колониянын базасында атайын оорукананын, ошондой эле №8- жана 27-колониялардагы соттолгондор үчүн жатаканалардын пайда болушу үчүн реконструкциялоо жана жаңы имараттарды,курулуштарды куруу.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын дал ушул үч мекемесине жоюлуп кеткен 47-колониянын медициналык, турак-жай жана башка имараттары көчүрүлөт (эми эле жаңыланган, кармоо шарттары жакшырган).
Ал эми мурдагы объект боюнча, үстүбүздөгү жылдын 2-мартында ЖАК өкмөттүн чечимдерин аткаруу максатында №140- буйругун чыгарган. Ага ылайык, 47-мекемеде демонтаж иштери башталат. Мындан тышкары долбоорго жана сметага ылайык максималдуу үнөмдөөнү эсепке алуу менен атарылышы абзел.
Тактап айтканда, ЖАКтын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине терапия, хирургия жана наркология бөлүмдөрүнүн жана башка мекемелердин бош калган имараттарын текшерүү, мындан ары пенитенциардык тутумдун муктаждыктарына ылайыктуу курулуш материалдарын пайдалануу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди ( бул терезелер, эшиктер, жылытуу системасынын түтүктөрү ж.б.).
Бардык ылайыктуу инвентаризациялык объекттер, анын ичинде металл, катуу көзөмөлгө алынып, эсепке алынат жана баланска коюлат.
Ошондой эле жаңы жерде колдонула турган медициналык жабдууларды мамлекеттик сатып алуу үчүн материалдар даярдалууда…
Ал эми 47-колониянын азыркы жашоочуларына келсек, алардын арасында абдан белгилүү адамдар бар, алардын келечектеги тагдырына коомчулуктун кызыгуусу түшүнүктүү. Алар сот мурда аныктаган камак режимине ылайык мекемелерге бөлүштүрүлөт.



