Нарында “Унутулган шаарларды жандандыруу” аталышындагы форум болду

Нарын облусунун Жумгал районунда “Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү” — “Унутулган шаарларды жандандыруу” аталыштагы форум болуп өттү.
Иш-чара 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында уюштурулду.
Форум Миң-Кушту жаңы туристтик багыт катары таанытуу жана Жумгал районунун туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болду.
Пленардык жыйындын жана панелдик талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар Миң-Куштун жана жалпы эле Жумгал районунун туристтик, жаратылыш, тарыхый-маданий жана гастрономиялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова өз сөзүндө бүгүнкү күндө Миң-Куш тургундар жана коноктор үчүн толугу менен коопсуз экенин, ошондой эле жашыл экономика, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи.
Өзүнчө тегерек стол уран калдыктарынын объектилерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.
Форум мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттардын уран калдыктары бар аймактарды Кыргызстандын жашыл экономикасынын жана туризминин өсүү чекиттерине айландыруу боюнча аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Форум Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Европа Биримдигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы, Мин-Куш айыл аймагы жана «Дестинация Мин-Куш» коомдук бирикмеси менен биргеликте өткөрүлдү.
Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло, ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, туризм тармагынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан уран мурастары менен байланышкан калктуу конуштардын өкүлдөрү катышты.



