Коом
4-декабрга карата аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-декабрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Ага ылайык, Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй жана Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй облусунда +11… +16,
Талас облусунда +8… +13,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +8… +13,
Ысык-Көл облусунда +4… +9,
Нарын облусунда +1… +6 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +12… +14 градусту түзүп, ала-булут каптап турат.



