Коом

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө бүгүн, 9-октябрда эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, өнөр жай объекттерине ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Муздак суу төмөнкү көчөлөрдө өчүрүлөт:

Манас проспектиси;

Ала-Арча дарыясына чейинки темир жол линиясы;

Бөкөнбаев көчөсү;

Кулиев көчөсү;

Москва көчөсү;

Дмитров көчөсү;

Орозов көчөсү;

Казаков көчөсү;

Дэн Сяопин проспектиси;

Жибек Жолу проспектиси;

Жаш Гвардия бульвары;

Михаил Фрунзе көчөсү;

Турусбеков көчөсү;

Чүй проспектиси.

Суунун өчүрүлүшү «Батыш 2» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан жана мекеме-ишканалардан кечирим сурап, алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button