Коом

Төө-Ашуудагы туннель убактылуу жабылат

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннель бир тараптуу убактылуу жабылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек — Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы туннель бүгүн саат 15:25тен тарта бир тараптуу убактылуу жабылып, ачылып турат.

Мындай чечим №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button