Мэрия Бишкекте мыйзамсыз чоңойтулган балкондор алынарын эскертти

Бишкекте мыйзамсыз чоңойтулган балкондор кайра буздурулуп, алынат. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Белгиленген талаптарды бузуу менен курулган объектилердин ээлерине мыйзамда каралган тартипте тиешелүү эскертмелер жана көрсөтмөлөр тапшырылганын айтышты.
«Айрым учурларда батир ээлери жашаган жеринде жок болгондуктан демонтаждоо иштери убактылуу жылдырылган. Анткени алар жок кезде бузууга мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу айрым балкондор азырынча алынбай турат. Ошол эле учурда мурда тиешелүү көрсөтмөлөр берилген мыйзамсыз курулган бардык балкондор милдеттүү түрдө буздурулат. Иштер эч кимге жеңилдик бербей, тандабай, белгиленген тартипте жана мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Шаардык кеңештин токтомунда балкондорду өз алдынча өзгөртүүгө, айнектөөгө, кеңейтүүгө, сырдоого же фасаддын көрүнүшүн бузгандай кылып кайра жасоого тыюу салынган.
Мэриянын эскертүүсүндө, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерине, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө коюлган талаптарга» ылайык, 121-пунктта төмөнкүлөргө жол берилбейт:
— балкондорду жана лоджияларды өз алдынча айнектөө;
— алардын көлөмүн өзгөртүү;
— түс чечимин өзгөртүү;
— тосмолордун сүрөтүн жана элементтерин өзгөртүү;
— жаңы балкон же лоджияларды куруу же барларын жоюу, эгерде бул фасаддын паспортунда көрсөтүлгөн архитектуралык композицияны бузса.
Мындан тышкары, аталган токтомдун 128-пунктуна ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:
— эшик жана терезе көзөнөктөрүнүн архитектуралык формасын өз алдынча өзгөртүү;
— тосмолордун түсүн, көрүнүшүн жана тунуктугун өз алдынча өзгөртүү;
— балкондорду жана лоджияларды уруксатсыз реконструкциялоо, айнектөө жана тосмо конструкцияларын орнотуу аркылуу фасаддын архитектуралык чечимин өзгөртүү;
— балкондун же лоджиянын чегинде фасаддын айрым бөлүгүн өз алдынча сырдоо же каптоо.



