Саясат
Президент БШК мүчөлүгүнө талапкерлердин тизмесин сунуштады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2-июнда Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерди карап жатат.
БШК жөнүндөгү мыйзамга ылайык, комиссия мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылды. Төрт талапкерди президент сунуштайт, калган төртөө парламенттин квотасы менен шайланат.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиев мамлекет башчы сунуштаган талапкерлердин тизмесин атады:
— Алмаз Айбалаев
— Руслан Жакышов
— Миргүл Темирбаева
— Бөдөш Мамырова.



