Коом
Нарында «Коопсуз шаар» пилоттук долбоору ишке ашырылат

Нарын шаарынын вице-мэри Элмира Турганбаева Кытайдын China Transinfo компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда «Коопсуз шаар» пилоттук долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады.
Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда адамдардын жүзүн таанып, ар кандай мыйзам бузууларды каттай алган заманбап видеокамераларды жана сервердик жабдууларды орнотуу, ошондой эле алардын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыздоо зарылдыгы белгиленди.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү кызматтар менен биргеликте жабдууларды орнотууга ылайыктуу жана жакшы көрүнгөн жерлер аныкталат. Мындан тышкары, долбоордун алкагында автоунаалардын кыймылын гана эмес, башка укук бузууларды да көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлөт.



