Коом
Сатуучуларга акциздик маркасы жок товарларды сатууга тыюу салынышы мүмкүн

Соода жайларын ижарага алып иштеткен тараптарга акциздик маркасы же маркировкаланбаган товарларды жүгүртүүгө жол бербөө талап кылынышы мүмкүн. Бул боюнча мыйзам долбоору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду.
Министрлик Салык кодексинин маркировкаланууга тийиш болгон акциздик товарлардын жүгүртүүсүн жөнгө салуучу беренесин толуктоону сунуштоодо.
Жаңы нормага ылайык, базарлардагы, соода борборлорундагы жана башка жайлардагы соода жайларын ижарага берүүчү акциздик маркалары же идентификациялоо каражаттары жок маркировкалануучу товарлардын жүгүртүүсүнө жол бербөөгө милдеттүү.
Талапты аткарбаган юридикалык жактарга 1 миллион сом айыппул салуу сунушталган.



