Коом

Коңшу өлкөлөр менен бирге чегирткеге каршы изилдөөлөр жүргүзүлдү

Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандык адистери чек арада зыяндуу чегирткелерге каршы трансчегаралык изилдөөлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, изилдөө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) «Борбор Азия мамлекеттеринде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүүнү жакшыртуу» долбоорунун алкагында өттү.

Изилдөөлөр Баткен облусунда Тажикстандын адистери менен, ошондой эле Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарында Казакстандын адистери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер чегирткелердин таралуу очокторун изилдеп, фитосанитардык абалга баа беришти.

Мониторингдин жыйынтыктары боюнча маалымат алмашып, зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Трансчегаралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы коңшу мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашууну жакшыртууга, чегирткелердин жайылышына өз убагында мониторинг жүргүзүүгө жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button