Жалал-Абадда сапатсыз иш үчүн подрядчыга эскертүү берилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, бир катар жол курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматына караганда, учурда Барпы – Сафаровка жолунда 25 чакырымдын ичинен 5 чакырымы асфальттоого даярдалып, калган бөлүгүндө жер иштери жүрүп жатат. Министр иштин сапатына көңүл буруп, кемчиликтер боюнча подрядчыга эскертүү берди.
Андан соң Манас – Багыш жолунда казуу иштери 90%га аяктап, жакынкы күндөрү шагыл төшөө баскычына өтүү пландалууда.№22 жол тейлөө мекемесинин абалы да каралып, инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер талкууланды.
Манас – Благовещенка (9 км) жолунда учурда жер иштери жана шагыл төшөө иштери жүрүүдө. Бул долбоор ишке ашса, шаар ичиндеги тыгындарды азайтууга өбөлгө түзөт.



