Коом
Дүйшөмбүдө Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт

8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү — Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкеде.
Маалыматта айтылгандай, суу берүүнү токтотуу МИКтин катлованынан суунун агып калууларын аныктоо авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.



