Ысык-Көлдө аялына зомбулук көрсөткөн деген шек менен жолдошу кармалды — ФОТО
Ысык-Көлдө аялына зордук-зомбулук көрсөткөн деген айып менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Арызды милицияга Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну жазып, жолдошу спирт ичимдигин ичип алып кол көтөрүп, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген.
Бул факты аталган райондун маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана анын жыйынтыгында жеңил жаракат алганы аныкталган. Келин жолдошу буга чейин да бир нече жолу зомбулук көрсөткөнүн айткан.

Бул факты боюнча Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 41 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



