Акимдер менен мэрлер жылына эки жолу эл менен жолугушат

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети акимдер менен шаар мэрлерин жылына эки жолу эл менен милдеттүү түрдө жолугушууга милдеттендирген мыйзам долбоорун үч окууда тең жактырды.
Документти тааныштырган Эльчибек Джантаев мыйзам долбоору жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ачык-айкындуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын билдирди.
Мыйзам долбооруна ылайык, акимдер жана шаар мэрлери жыл сайын февраль–март жана ноябрь–декабрь айларында эл менен милдеттүү жолугушууларды өткөрүүгө тийиш.
Талкуу маалында депутаттар мындай жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча отчеттуулук механизмдерин иштеп чыгууну сунушташты. Алардын пикиринде, жарандар көтөрүлгөн маселелердин кандай чечилип жатканын көрүшү керек.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев мэрлер эл менен жылына эки эле жолу эмес, мүмкүн болушунча тез-тез жолугушуп турушу керектигин айтты.Ошондой эле ал бийликти борбордон ажыратуу зарылдыгын белгилеп, Бишкек менен Оштун гана эмес, Баткен, Каракол, Талас сыяктуу башка шаарлардын да статусун кайра карап чыгуу керектигин билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн ички дүң продукциясынын болжол менен 54 пайызы Бишкекте топтолгондуктан, аймактарды өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруу зарыл.Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун үч окууда тең колдоду.



