Окуялар

Селден жабыркагандарга 3,5 млн сом кенемте төлөндү

Өлкөнүн бир катар аймактарында катталган сел кырсыктарынан жабыркаган жарандарга камсыздандыруу кенемтелери төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Ага ылайык, кенемтенин жалпы көлөмү 3 млн 517 миң 965 сомду түздү.

Төлөмдөр төмөнкү аймактардагы камсыздандырылган турак жай ээлерине жүргүзүлдү:

Ош облусуна – 200 010 сом;

Баткен облусуна – 1 080 123 сом;

Манас шаарына – 2 237 832 сом.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарды колдоо иштерин улантып, камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button