Коом

Эсептөө палатасынын кийлигишүүсү менен өлкөнүн активдери 61 миллиард сомго көбөйдү

Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңешке сунуштаган расмий отчетуна ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик секторунун консолидацияланган финансылык отчеттуулугунда буга чейин өлкөдөгү ири мамлекеттик ишканалардын таза активдери расмий түрдө актив катары көрсөтүлбөй, эсепке алынбай келгени аныкталды.

Бул олуттуу кемчиликти Эсептөө палатасынын адистери 2025-жылы жүргүзүлгөн кеңири аналитикалык талдоонун жүрүшүндө аныктап чыгышкан.

Бул маселени чечүү максатында, Эсептөө палатасы КР Финансы министрлиги менен биргеликте атайын жумуш алып барып, финансылык отчеттордогу каталарды жана кемчиликтерди толугу менен жойгон.

Аткарылган системалуу иштердин натыйжасында, өлкөнүн расмий консолидацияланган отчетунда мамлекеттик активдердин жалпы көлөмү дароо 61 158,5 млн сомго (61,1 млрд сомдон ашык) көбөйтүлдү.

Бул кадам өлкөнүн финансылык абалын эл аралык стандарттарга ылайык туура чагылдырууга жана мамлекеттик мүлктүн ачык-айкындуулугун камсыздоого жол ачты.

Тектеш кабарлар

Back to top button