Коом

УКМК: Глобалдык программанын негизинде мекемелер аралык жыйын өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2026-жылдын 14–15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору Бириккен Улуттар Уюмунун Контртерроризм башкармалыгы менен кызматташтыкта, терроризмдин глобалдык коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча ЕБ-БУУ инструментинин алкагында жана БУУнун Контртерроризм башкармалыгынын аялуу объекттерди террористтик коркунучтардан коргоо боюнча глобалдык программасынын негизинде стратегиялык жана башка объекттер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынын өткөрүштү.

Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана адистери, критикалык инфраструктура объекттеринин ээлери жана операторлорунун өкүлдөрү, ошондой эле критикалык инфраструктура объекттеринин антитеррордук корголушу жаатындагы улуттук жана эл аралык эксперттер катышты.

Катышуучулар заманбап негизги чакырыктарды : гибриддик коркунучтардын өсүшү, террористтик ишмердүүлүктө киберкомпоненттин көбөйүшү, ошондой эле диверсияларды жасоодо стратегиялык маанилүү объекттерде колдонулушу мүмкүн болгон жаңы технологиялардын (анын ичинде учкучсуз системалардын) пайда болушун талкуулашты.

Иш-чараны ачып жатып, Антитеррордук борбордун директорунун орун басары: «Маанилүү инфраструктура чөйрөсүндө заманбап ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу — бул жөн гана административдик формалдуулук эмес, улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун эң маанилүү элементтеринин бири. Так жана иш жүзүндө колдонулуучу укуктук база гана бизге болуп өткөн окуяларга реакция кылуунун ордуна, коркунучтардын алдын алууга мүмкүндүк берет»-деп белгиледи.

Иш-чара критикалык инфраструктураны коргоону күчөтүүгө бардык тараптардын жогорку кызыгуусун жана мекемелер  аралык конструктивдүү кызматташууга даярдыгын тастыктады.

Тектеш кабарлар

Back to top button