Без рубрикиКоом

Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O дүйнө чемпионатына 10 миңден ашуун адам келери күтүлүүдө

Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, мындай ири масштабдагы иш-чарада негизги көйгөйлөрдүн бири — конокторду жайгаштыруу маселеси.

«Учурда көл жээгиндеги ири коттедждик шаарчалардын баары эл аралык чемпионаттын коноктору тарабынан алдын ала брондолуп бүттү. Чолпон-Ата шаарынын, ошондой эле Сары-Ой, Бостери жана Бает айылдарынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болот деп үмүттөнөм», — деди Кубатов.

Ал ошондой эле бул эл аралык чемпионатты Кыргызстанда жыл сайын өткөрүү пландалып жатканын айтты.

«Коомчулуктун тынчсыздануусун жоюу үчүн кийинки жылы электр жана гибриддик болиддер катышкан чемпионатты өткөрөбүз. Долбоордун демилгечиси жана мамлекеттик агенттиктин жетекчиси катары мүмкүн болгон бардык кесепеттер үчүн жеке өзүм жооп берем. Эгер экологияга аз да болсо терс таасир тийгизсе, келечекте бул иш-чарадан баш тартып, программаны токтотушубуз мүмкүн», — деди ал.

Кубатовдун айтымында, «Формула-1» мелдеши Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги таанымалдыгын жогорулатууга жардам берет.

Мелдештер 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көлдө өтөт.

Билеттердин баасы:1 күнгө — 100 доллар; 3 күнгө — 200 доллар. Ал эми VIP-аймактагы билеттер толугу менен сатылып бүттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button