Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук «CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалы өтөт

2026-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» аянтчасында Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук маселелерине арналган «CYBERNOMAD FEST 2026» улуттук форуму, технологиялар көргөзмөсү жана практикалык кибермашыгуулар өтөт.
Мамлекеттик башкаруунун, каржы секторунун, телекоммуникациялардын жана маанилүү маалыматтык инфраструктуранын жигердүү санариптешүүсүнүн шартында киберкоопсуздук маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда.
«CYBERNOMAD FEST 2026» актуалдуу киберкоркунучтарды талкуулоо, практикалык тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасынын санариптик туруктуулугун чыңдоо боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп саналат.
Аталган иш-чара 700дөн ашык катышуучуну: мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, критикалык маалыматтык инфраструктуранын субъекттерин, банктарды жана финансылык уюмдарды, телекоммуникациялык жана IT-компанияларды, билим берүү мекемелерин, эл аралык уюмдарды жана кесипкөй коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирет.
«CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалынын негизги максаты — Кыргызстандын кибертуруктуулугун чыңдоо, адистердин практикалык компетенцияларын өнүктүрүү жана мамлекет, бизнес, эксперттик жана академиялык коомчулуктун ортосундагы өз ара кызматташтыкты күчөтүү үчүн улуттук платформа түзүү.
Фестивалдын алкагында төрт негизги багыт боюнча иш-чаралар өткөрүлөт: Cyber Conference — мамлекеттик системаларды жана маанилүү инфраструктураны коргоо, бизнестин киберкоопсуздугу, кадрларды даярдоо жана заманбап коргонуу технологиялары боюнча эксперттердин баяндамалары жана талкуулары. Cyber EXPO — киберкоопсуздук жаатындагы чечимдердин жана технологиялардын көргөзмөсү. Көргөзмөгө 30дан ашык экспонент катышат.
Cyber Nomad CTF — Jeopardy, инциденттерди иликтөө жана Attack-Defense форматтарында практикалык кибермашыгуулар жана мелдештер. Networking Hub — ишкердик баарлашуу, эл аралык кызматташтык жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү үчүн аянтча. Программанын өзгөчө бөлүгүн адистештирилген киберполигондун базасында өткөрүлө турган практикалык кибермашыгуулар ээлейт.
Катышуучулар киберчабуулдарды моделдештирип, аларды кайтаруу, инциденттерди талдоо жана киберкоркунучтарга жооп кайтаруу механизмдерин практикалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. CTF мелдешинин алкагында 50дөн ашык команданын катышуусу пландалууда, ал эми финалдык этапка эң мыкты 10 команда өтөт. Мелдеш катышуучуларга киберинциденттердин реалдуу сценарийлерине мүмкүн болушунча жакын шарттарда өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«CYBERNOMAD FEST 2026» киберкоопсуздук маселелери боюнча жыл сайын өтүүчү улуттук аянтчага, ал эми келечекте Борбордук Азиянын эл аралык платформасына айланууну көздөйт. Иш-чара киберкоопсуздуктун улуттук экосистемасын өнүктүрүүгө, кадрдык резервди түзүүгө, киберинциденттерге жооп кайтарууга даярдыкты жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Дата: 2026-жылдын 22-сентябрыӨткөрүлүүчү жери: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7, «Жаштык Арена»
Катышуучулар:
700+Экспоненттер:
30+Спикерлер:
30+CTF-командалар:
50+Уюштуруучу:
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети



