Коом

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка — Автожол» өткөрмө бекети толук жаңыланды

«Чоң-Капка — Автожол» өткөрмө бекети толук реконструкциядан өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Долбоордун жалпы наркы болжол менен 70 миллион сомду түздү.Реконструкция өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жарандардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн чек арадан өтүүсүн жеңилдетүү, ошондой эле көзөмөл жүргүзүүчү органдар үчүн инфраструктураны жаңылоо максатында жүргүзүлдү.

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Сатымов өткөрмө бекеттерин модернизациялоо мекеменин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, заманбап чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү чек ара көзөмөлүнүн сапатын жакшыртып, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырып, жарандар, жүк ташуучулар жана тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button